Бүгүн, 12-декабрда КР Жогорку Кеңешинин отурумунда депутат Айсулуу Мамашева сот аткаруучулардын маселесине көңүл буруп, өлкө боюнча 205 гана сот аткаруучу бар экенин, алардын эмгек маянасы 7-13 миң сом экенин билдирди. «Бир сот аткаруучунун мойнунда 700дөй иш бар экен. 2017-жылы премьер-министр Сапар Исаков сот аткаруучулардын сыйлыктарын тартып алып, 7-13 миң сом айлык менен гана калтырган. Ошол эле маалда аларга кол салган учурлар да болуп келет. Мындай шартта жогорудагыдай айлыгы менен алар кантип иш алпарат?» деген эл өкүлү сот аткаруучулары көңүл сыртында калып жатканын аткаруу бийлигине багыттады.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ