Menu

Жогорку Кеңештин депутаттары кайсыл спорт менен машыккан жана машыгат, ыя?

Бөлүшүү:

Соңку кездери ЖК депуттары спорт иш-чараларында болуп, марафондорго, мелдештерге катышып, кээ бири керек болсо эл аралык беттештерде өлкө чөнтөгүнө медаль алып келишкени маалым.

Биз парламентарийлердин кимиси мурда жана азыр кайсыл спорт менен машыкканына кызыгып көрдүк.

Дастан Жумабеков – бала кезинен чыгыш күрөштөрү менен машыккан. Азыр ал профессионалдуу джиу-джитсу менен алпурушуп, АКШда өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында үчүнчү орунга татыган.

Аида Касымалиева – мурда ар дайым фитнесзалга барчу экен. Эми сууда сүзүү менен машыкканга даярданып жатыптыр.

Исхак Пирматов – мектепте окуп жүргөндө, дзюдо менен самбодон калган эмес. Азыр мезгил-мезгили менен спорт залга барып, ар дайым чуркап, лыжа тээп турат.

Аида Исмаилова – студент кезинде спорттук ок атуу менен машыккан.

Мыктыбек Абдылдаев – студент кезинде профессионалдык деңгээлде футбол жана баскетбол менен машыккан. Азыр бир дагы мелдешти кое бербей, дүйнөлүк спорт жаңылыктарынан артта калбай, теннис ойноп калат.

Алтынбек Сулайманов – бала кезинде бокс жана күрөш менен машыккан. Азыр ден-соолугу үчүн спорт залдан калбайт.

Алиярбек Абжалиев – күрөш менен машыккан.

Үмбөталы Кыдыралиев – СССРдин бокс боюнча спорт чебери.

Максат Эгембердиев – грек-рим күрөшү боюнча СССРдин спорт чебери. Балдарынын бардыгы күрөш менен машыгат.

Бакытбек Жетигенов – эркин күрөш менен машыгат.

Дүйшөн Төрөкулов – мурда кикбоксинг менен машыккан. Азыр депутат эркин күрөш боюнча Түштүк регионалдык Федерациясын жетектейт.

Тазабек Икрамов – бала кезинде күрөш менен машыккан. 2019-жылдын октябрында Тбилисиде өткөн күрөш боюнча ветерандардын дүйнөлүк чемпионатында коло медалга татыктуу болгон.

Таалайбек Масабиров – спорттогу эң даражалуу депутаттардын бири. Ал дзюдо жана самбо боюнча эл аралык деңгээлдеги спорт чебери.

Таабалды Тиллаев – эркин күрөш боюнча экинчи разрядга ээ, футбол да ойнойт.

Бакирдин Субанбеков – сууда сүзүүгө, ат спортуна, велоспортко, лыжага кызыгат.

Бактыбек Турусбеков – бала кезинде футбол, гандбол, баскетбол ойногон. Азыр сууда сүзүүдөн калбайт. Ысык-Көл менен Түркиядан Босфорду сүзүп өткөн.

Курманкул Зулушев – күрөш менен машыгып, университетте жакшы көрсөткүчтөргө ээ болгон. Азыр волейбол ойнойт, ат үстүндөгү оюндарга катышат.

Алмаз Баатырбеков – бокстан биринчи разрядга жеткен, мектепте шашки боюнча облустун чемпиону болгон, үстөл теннисинде дагы жетишкендиктери бар.

Нурбек Тотонов – бокс боюнча спорт чебердигине талапкер. Азыр көкбөрүгө түшө калат.

Руслан Казакбаев – оор атлетика боюнча спорт чебердигине талапкер, волейбол ойногон. Азыр спортзалга барат, сууда сүзөт.

Жыргалбек Турускулов – мектепте каратэ, университетте бодибилдинг менен машыккан. Футбол ойнойт.

Искендер Матраимов – техникумда жеңил атлетика менен машыккан. Экинчи орунга татып, Бүткүл союздук мелдешке жолдомо алган. Азыр спортзалга барып турат.

Тынчтыкбек Конушбаев – спорт мектебин аяктаган. Ал – гимнаст, күрөш менен машыккан. Азыр трекингге кызыгат.

Урмат Самаев – бокс жана ат оюндарына кызыгат. Азыр ал “Аргымак” федерациясынын президенти.

Салайдин Айдаров – спорт менен машыккан эмес, бирок спорт залдан калбайт.

Аалы Карашев – спортзалга барат. Студент кезинде волейбол ойногон. Ал ойногон команда окуу жайлар арасындагы мелдештерде ар дайым биринчи орун алып келген.

Марлен Маматалиев – самбо боюнча спорт чебердигине талапкер.

Бахадыр Сулейманов – бала кезинде бокс жана күрөш менен алек болгон. Азыр ден-соолугу үчүн фитнеске барат.

Булак: «Sport АКИpress»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: