Menu

Фото – Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги «дипломаттар арасындагы 13-кулинардык мелдешине» катышты

Бөлүшүү:

28-29-декабрда Тяньцзинь шаарында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги «дипломаттар арасында 13-кулинардык мелдешине» катышты. Бул иш-чара Кытайдын «Дипломат» журналынын колдоосу астында уюштурулду. Иш-чарага 200дөн ашык киши, алардын ичинде бизнес коомчулугу жана ММКнын өкүлдөрү катышты. Мелдешке Пекин ш. жайгашкан 11 дипломаттык миссиялардын өкүлдөрү катышты, алардын ичинде Кыргызстан, Монголия, Македония, Иран, Непал, Португалия, Беларусь, Япония, Пакистан, Алжир жана Украина мамлекеттеринин тамак аштарын көрсөтүштү.

Мелдештин жүрүшүндө Кыргызстандын Кытайдагы Элчиликтин өкүлдөрү калыстар тобуна жана катышуучуларга кыргыздардын улуттук тамак-аштарын даярдап беришти, алардын ичине «бешбармак», «каттама», «чак-чак», кургатылган жемиштерди жана бал кирди. Калыстар тобу жана уюштуруучулар кыргыз улуттук тамак-аштарын даамдап жогору баалашты. Мелдештин жыйынтыгы боюнча кыргыз өкүлдөрү 100 балл алып, «Мыкты кулинардык чеберчилик» номинациясында жеңишке жетишти.

   

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: