Казакстандын Алматы шаарында 13 жаштагы бала аттракциондон асфальтка кулап түштү. Бул тууралуу Казакстандын ММКлары жазып чыкты.
Алардын жазганына караганда, кырсык 4-январда болгон. Асфальтка кулап түшкөн бала оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Анын колу, буту сынган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ