Menu

Уурулук, шылуундук менен шугулдангандар кармалды

Бөлүшүү:

Бишкек милициясынын кызматкерлери шылуундукка, уурулукка жана кыз ала качууга шектүү болгондорду колго түшүрүштү. Бул тууралуу 13-январда Бишкек шаарынын ИИМБиси билдирди.

2019-жылы 9-декабрда Биринчи май ИИБисине К.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 13:25те Кайназаров-ИЛьменская көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мечиттин ичинен белгисиз жигиттер 20 миң сомдук «Samsung» мобилдик телефонун уурдап кетишкенин билдирген.

2019-жылы 20-декабрда Ю.М. аттуу жаран айым ал күнү таңкы 05:00дө Чүй проспектисинде жайгашкан фаст-фуд жайынан 20 миң сомдук “Ясин” маркасындагы телевизор уурдалганын билдирген.

2020-жылы 7-январда П.Р. аттуу жаран ал күнү 13:00дөн 18:00гө чейин Иманалиев көчөсүндө жайгашкан жеке үйүнүн терезесинен уурулар кирип, 20 миң сомдук телевизорун алып кетишкенин билдирген.

2019-жылы 22-июлда Т.Б. аттуу жаран айым кайрылып, ал күнү 21:00дөн 23:00гө чейин Садырбаев көчөсүндөгү жеке үйүнүн терезесинен уурулар кирип, асыл таштарды, бриллиант саатты, 11 алтын зергер буюмдарын алып кетишкенин, 40 миң долларга зыян тартканын билдирген.

Булардан тышкары да бир канча уурулук, шылуундук фактылар бар. Бишкектин Биринчи май, Ленин, Октябрь райондорунун милиция кызматкерлери кылмышкерлерди издөө иш-чараларын көрүшүп, шектелген 1999-жылы туулган М.Т.ны, 2000-жылы туулган А.Б.ны, 1961-жылы туулган А.Н.ны, 1979-жылы туулган С.Д.ны, 1997-жылы туулган А.Т.ны, 1976-жылы туулган С.К.ны, 1998-жылы туулган И.А.ны колго түшүрүшкөн. Бардыгы убактылуу кармалуучу жайга камалган.

Мындан тышкары, шылуундук менен 1983-жылы туулган Х.С., 1994-жылы туулган Э.Н., 1998-жылы туулган Т.М. кармалды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: