Menu

Жалал-Абад шаарында үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору электрондук кезек системасына өттү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын тургундары үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда кезек күтүү убарагерчилигинен арылышты. Анткени аталган жайларда автоматташтырылган электрондук кезек системасы иштей баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 13-январь күнү билдирди.

Ал үчүн үйдө олтуруп, уюлдук телефон аркылуу “registratura.med.kg” дареги боюнча дарыгерлердин бош убактыларын билип кайрылууга болот. Электрондук кезекке туруу үчүн компьютер же уюлдук телефон аркылуу анкета толтурулат.

2019-жылдын 26-декабрынан башталган электрондук кезек системасы аркылуу ушул убакытка чейин шаар боюнча 1022 бейтап кайрылган. Бул система аркылуу оорулуулар гана эмес дарыгерлердин да убактыларын үнөмдөөгө шарт жаралып жатат.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашып, калаанын жалпы 110 миңден ашуун калкын медициналык жактан тейлеп келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: