Menu

Сагынбек Абдрахманов көптөгөн депутаттар менен аткаминерлер КСДПдан кетип, “Биримдикке” кирип жатканы боюнча айтып берди

Бөлүшүү:

Бул тууралуу ал 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун ашында сүйлөдү. Мындан тышкары ЖК депутаты Аида Касымалиева да аны “Биримдик” партиясына чакырып жатышканын мойнуна алган.

“Аида сүйүнүп эле “Биримдикке” барганын айтып, бирок аны чыккынчылыкка күнөөлөшкөнүнө капа болгонун айтты, – дейт Абдрахманов, – “Мен ал жакка керек экенмин деген үмүт менен баргам. Бирок коомдо бул партиянын кадыр-баркы жок экен”, – деди мага. Мен Аиданы биздин чогулушка чакырдым, эртең менен келе албастыгын жазыптыр. Бул биздин партиядан чыгып жатышкандардын бир эле мисалы. Чыккандар көп. Бир депутат болсо Атамбаевдин тушунда эле партиядан чыгуу боюнча жазган арызын көрсөттү. Бир губернатор да партиябыздан чыкты, бирок ал биздин сунуш менен, биздин квота менен кызматка барган. Көптөгөн аткаминерлер чыгып жатат”.

Ошондо ал жерде тургандар Абдрахмановдон: “Ошол депутаттар менен аткаминерлер өз кызыкчылыгы үчүн сизди пайдаланып, анан пайдаңыз жок калганда, тескери карап кетишкен жокпу?” деген суроо узатышты.

“Ким мени же партиябызды пайдалана алат? – деп КСДП лидери нааразы болду. – Бизди эч ким пайдаланган эмес”.

“Депутаттыкка талапкерлердин тизмеси аныктала элек, бирок биз сөзсүз шайлоого барабыз”, – деп кошумчалады ал.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: