Menu

Видео – Ысык-Көл: “Садыр Жапаровду абактан бошотуу үчүн түптөгүлөр түп көтөрүлөбүз!”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-январда Ысык-Көл облусундагы Түп районунда экс-депутат Садыр Жапаровду абактан бошотуу боюнча митинг өттү. Бул тууралуу тынчтык митингин уюштуруучулар билдирди.

Алардын айтымында, Садыр Жапаровду бошотуу митингине ар кайсы аймактан экс-депутаттын тарапкерлери барышкан. Алар бийликке тезинен абактан чыгаруу талабын коюшкан. Ырайым сураса деле камалып жатканына нааразы болушууда. “Айыпсыз абакта жаткан Садыр Жапаровду бошотуу үчүн түптөгүлөр түп көтөрүлөбүз! Эгер чыгарбаса, күн жылыса чон митинг кылабыз!”,-деп жатат эл, биз мыйзам жолу менен чечебиз деп токтотуп жатабыз. А чынында, ал ак да. Баатыр инсан“,-дейт уюштуруучулар.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов президентке ырайым сурап кайрылганын, ал боюнча жооп боло электигин айтып келет. Адвокаттын айтымында, кайрылуу былтыр, 16-октябрда жолдонгон. Анда Жапаровдун эч бир күнөөсү жоктугу, ата-энесин, баласын жоготкону боюнча айтылып, аны эртерээк бошотууну суранганы жазылган.

19-декабрда Садыр Жапаровдун тарапташтары М.Горький парктын алдына чогулуп, аны бошотуу акциясын өткөрүшкөн.

25-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйын өткөргөн. Анда С.Жапаровду бошотуу боюнча суроо болгондо, президент бул маселени сот гана чечээрин билдирген.

Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн андагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2018-жылы 11 жыл, алты айга кесилген.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: