Издөөдө жүргөн кыргызстандык аял Москвадагы СИЗОдон табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 22-январь күнү билдирди.
Алардын айтымында, январь айында КРнын ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кыргызстандык жарандар тобу кайрылып, Ош облусунун 1988-ж.т. тургунун табууга көмөк сурап кайрылышкан. Ал акыркы жолу 2019-жылдын 21-декабрында байланышка чыккан.
Белгисиз жоголгон аялды туугандары да өз алдынча издешип, WhatsApp аркылуу группаларга таратып, табышууга жардам сурашкан.
КРнын ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан Москва облусунун жана Москва районунун аймагында издөө иштери жүргүзүлүп, изделип жаткан жаран 2019-жылдын 21-декабрында полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Москвадагы СИЗОго киргизилгени аныкталган.
Москва полициясынын аймактык бөлүмү материалдар менен таанышып чыгып, РФнын Жазык кодексинин 161-беренесинин 1-б., 30-беренеси 3-б. (талап тоноого аракет кылуу) боюнча кылмыш ишин козголгон.
Азыркы учурда изделип жаткан жарандын туугандары анын камакта экенине кабардар болушту. Издөө иштери токтотулду.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ