Бүгүн, 23-январь күнү депутат Таабалды Тиллаев Өкмөт маалымат майданында бардык позиция боюнча уттуруп жатканын билдирди.
“Кечээ күндөн бери бардык ММКларда “АКШда Кыргызстандын жарандары үчүн виза боюнча чектөө киргизмей болду” деген маалымат тарап жатат. Аны социалдык тармактарда ар түрдүү талкуулап жатышат. Бул маселе боюнча тышкы иштер министрлиги жана Өкмөт өз позицияңарды элге расмий жеткирип коюшуңар керек. Анткени бул эл аралык деңгээлдеги өлкөнүн авторитети. Азыр маалымат майданы өнүгүп жатат, а өкмөт маалыматтык саясат майданында да чабалдыгын көрсөтүп жатат ” – деп билдирди эл өкүлү.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ