Кечээ, 22-январь күнү Жогорку Кеңеш жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.
Талкууда депутат Умбеталы Кыдыралиев Кыргызстанда спорт менен машыккан адамдардын санын көбөйгөнүн билдирип, бул эң жакшы көрүнүш экенин белгиледи.
Мындан сырткары депутат эл аралык деңгээлдеги олимпиададан Айсулуу Тыныбекова медаль алып келет деген бир эле прогноз бар экенин белгиледи.
Депутат спорт тармагындагы кадр маселесине кызыгып, бул маселеге жакшы көңүл буруш керектигин айтты.
“Олимпиадага даярдоо борборунда спорттук тажрыйбасы мол адамдар иштеши керек. Себеби, спортсмендер спортто чоң жетишкендиктерге жетишкен машыктыруучуларды гана угат. Аларды карап түздөнүп, чемпион болууга умтулат. Кадр маселесин дагы бир жолу көңүл буруп койгула” – деп жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиевге кайрылды.
“Кыргызстандын бюджети 150 миллиард эле сом. Ошонун бир миллиардын спорт тармагына бөлүп берген. Ошон үчүн силер олимпиадалардан медаль алып келишиңер керек. Кыргызстандын спорт тарыхында 30 жылда 4 эле медаль алдык. Бул – уят!” – деп кошумчалады Умбеталы Кыдыралиев.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ