Акыркы убактарда WhatsApp мессенджеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалыматтарды жайылткан учурлар көп кездешүүдө.
ИИМ эскертет, кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар КРнын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына – 102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет. Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ