Menu

Өлкө аймагында көмүр баасынын төмөндөшү байкалууда

Бөлүшүү:

Өткөн декабрь айына салыштырмалуу январда көмүрдүн баасы тоннасына 62,54 сом, же 1,4% арзандаганы байкалды. Бул тууралуу Улуттук стотистика комитети бүгүн, 24-январь күнү билдирди.

Учурда 2 тоннага болгон көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат шаарында (7 468 сом) жана Баткен шаарында (7 285 сом) байкалган.

Ал эми минималдуу чекене баалар Балыкчыда (3 694 сом), Нарында (3 500 сом) жана Чаек айылында (2 500 сом) байкалды. Көмүрдүн баасы башка шаарларда өзгөрүүсүз калууда.

Чекене баада сатылган көмүрдүн бир тоннага болгон баасы Өзгөндө 289 сомго, Ошто 198 сомго, Токмокто 184 сомго кымбаттаган.

Буга катар эле Баткен шаарында 522 сомго, Токтогулда 187 сомго, Жалал-Абадда 176 сомго көмүрдүн баасы арзандаган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: