“Эгерде милдеттериңерди аткара албасаңар, анда кызматтан кеткиле” – деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда, Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынында.
Президент Сооронбай Жээнбеков Doing Business рейтингиндеги курулуш курууга уруксаат алуу боюнча бөлүмдө Кыргызстан акыркы төрт жыл ичинде 20-орундан 90-орунга түшүп кеткенин белгиледи.
Өлкө башчы Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Бактыбек Абдиевге кайрылып, иштей албаса, кызматтан кетиш керектигин билдирди.
“Эмнеге мындай көрсөткүчтөр? Эгерде иштей албасаң, анда кызматтан кетиш керек. Бул тууралуу премьер-министрге дагы айтам” – деди президент.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ