Бүгүн, 12-февраль күнү Жогорку Кеңеште Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министрликке Акрам Мадумаровду сунуштап, депутаттардан колдоп берүүнү суранды.
Жыйында депутат Дастан Бекешов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып: “Ветеринар чек ара маселесин карай алабы?” – деп суроо берди.
“Акрам Мадуморавдун биринчи билими боюнча ветеринар. Биология илиминин кандидаты. Ал эми экинчи билими дипломатия жаатында. Үчүнчүсү, Баткен облусундагы бардык көйгөйлөрдү билет деп жатабыз. Ал Баткен облусунун жетекчиси болгондо чек арадагы чыр-чатак кайсы жерден чыгат, ал жактагы элдин жашоо шартын, көйгөйлөрүн бардыгын билет. Ошондуктан сунуштап жатабыз” – деп жооп берди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ