Дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу каржы полициясынын басма сөз кызматы бүгүн, 14-февраль күнү билдирди.
Каржы полициясына Саламаттык сактоо министрлигине караштуу дарылык камсыздоо жана медициналык техника департаментинин өкүлдөрүнөн базарда дары-дармектердин мыйзамсыз сатылып жаткандыгы тууралуу билдирүү келген.
Аталган факт катталып, тергөө иштери башталган.
12-февралда сотко чейинки өндүрүштү алкагында базарлардын бири текшерилип, тиешелүү документтери жок медициналык жабдуулар жана дары-дармектер кармалган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ