Каракол шаарында автоунааны уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 14-февраль күнү билдирди.
Алардын айтымында, күн мурун, 13-февралда милициянын нөөмөт бөлүмүнө Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын тургуну телефон чалып кайрылган. Ал “Ауди S4” үлгүсүндөгү автоунаасын Каракол шаарындагы Гагарин Москва көчөлөрүнүн кесилишенде токтотуп, таанышынын үйүнө кирип, бир аздан соң чыкканда унаасын таппай калганын билдирген.
Жогорудагы аталган факт боюнча 35 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалган.
Аталган факт катталып, сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.
Кармалган жаран баш коргоо чарасы каралгыча убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ