Menu

Европа биримдиги виза берүүнүн эрежелерин өзгөрттү

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 2-февралынан тарта Европа биримдигинин кыска мөөнөттүү визаларга карата жаңы эрежелери иштей баштады. Жаңы эрежелердин иштеши менен саякатчылар үчүн визага арыз берүү жөнөкөйлөшөт. Бул туризмдин, бизнестин, соода-сатыктын өнүгүшүнө жана мыйзамсыз мигранттардын келишине бөгөт коет.

Европа биримдигинин жаңы эрежелери кайсы мамлекеттерде колдонулат?

Өзгөртүүлөр Европа биримдигинин аймагына виза менен кирген өлкөлөрдүн бардыгына колдонулат. Азыркы учурда Европа биримдигинин аймагына 150 мамлекет кирбейт.

Европа биримдигинин аймагына визасыз кирүүгө уруксаат берилген өлкөлөрдө өзгөртүүлөр колдонбойт.

Кыргызстанга Европа биримдигинин аймагына визасыз кирүүгө уруксаат берилген эмес. Андыктан эрежелер бизге керек болот.

Жаңы эрежелер ЕБнин кайсы өлкөлөрүнө кирүүгө жөнгө салат?

Жаңы эрежелер Австрия, Бельгия, Венгрия, Германия, Греция, Данию, Испания, Италия, Латвия, Литва, Люксембург, Мальта, Нидерланды, Польша, Португалия, Словакия, Финляндия, Франция, Чехия, Швеция жана Этония (Шенген аймагына кирген өлкөлөр), ошондой эле Исландия, Лихтенштейн, Норвегия жана Швейцария (биримдик менен ассоциацияланган мүчөлөр) өлкөлөрүнө берилүүчү кыска мөөнөттүү визаларды жөнгө салат.

Жогорудагы аталган өлкөлөрдөн берилген кыска мөөнөттүү визалар Шенген аймагындагы 26 мамлекетке 180 күндүн аралыгындагы 90 күнгө берилет.

Эмне үчүн виза берүү эрежелерин өзгөртүүнү чечишкен?

Европалык парламент жана ЕБ кеңеши өзгөртүүлөрдү 2019-жылдын июнь айында макулдашышкан.

Эрежелердиин өзгөртүүлөрү виза алуунун процедураларын жакшыртуу үчүн жана ЕБ аймагында өлкөлөрдүн туризм тармагын өнүктүрүү үчүн керек. Анткени ал ЕБнин экономикасында маанилүү ролду ойнойт.

2009-жылдан бери Шенген визасын алуу үчүн жазылган арыздын көлөмү 57% өскөн. Виза алуу эрежелери 2010-жылдан бери өзгөртүлгөн эмес. Анын түйшүктөрүн азайтуу үчүн муктаждыктар пайда болду.

Мындан тышкары, жаңы эрежелер ЕБнини өнөктөш өлкөлөргө миграциялык саясатты жөнгө салуу үчүн жаңы жолдорду табуу үчүн жардам берет.

Европа биримдигинин жаңы эрежелери эмнеде?

Жаңы эрежелер виза алуу процедураларын жөнөкөй жана түшүнүктүү кылат

– Сапардын алдында визага арызды алты ай мурун (кемечилер үчүн эки ай мурун) берүүгө болот. Эски эрежеде үч ай болчу.

– Көп жолку визаны узак мезгилге алууда жеңилдик болот. (бир жылдан беш жылга чейин)

– Анкетаны электрондук жол аркылуу толтуруу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Бирок, бул кызматтар Шенген консулдуктарынын бардыгында колдонулбайт. Саякатчыларга тиешелүү консулдуктардан алдын-ала сураштырып, маалымат алып алуу сунушталат.

Шенген визаларынын көп жолу берүүнүн жаңы эрежелери. Алар кандай?

Көп жолку визалар жарактуу мезгилинде ЕБнин аймагына тез-тезден барып турууга жол берет.

Көп саякаттаган, визасынын тарыхы жакшы адамдарга көп жолку визалар – 1 жылдан 5 жылга чейин берилет.

Визалык арызды кароо мөөнөтү канча болот?

Арыздарды кароо мөөнөтү – 15 күн.

Эгерде, кошумча документтер суралса кароо мөөнөтү узарышы мүмкүн.

Кыргызстандын жарандары кайсы өлкөнүн консулдугуна арыз бериши керек?

КРнын жарандары арыздарын Германиянын жана Швейцариянын консулдуктарына беришет. Же алар бара турган өлкөнүн аккредитациядан өткөн борборлоруна кайрылса болот. Германиянын жана Швейцариянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү ЕБнын башка өлкөлөрүнө Шенген визасын берүүгө укуктуу.

Германиянын элчилиги Шенген визасын алуу үчүн арызды түз кабыл албайт. Анын ордуна элчиликтин расмий өнктөшү –  Visametric аттуу виза борбору кылат.

Ал Шенген визасын: Бельгия, Германия, Греция, Люксембург, Нидерланды, Норвегия, Португалия, Швеция өлкөлөрүнө берет.

Швейцариянын элчилиги: Чехия, Эстония, Латвия, Фнляндия, Франция, Польша, Словакия жана Словенияга виза берет.

Бирок, 2020-жылдын 1-апрелинен тарта аталган өлкөлөргө Бишкектеги ачылган VSF Global  аттуу виза борбору бере баштайт. Аталган борбор Шенген визасын Австрияга берип келет жана мындан ары дагы берет.

Визалык борборго жазылуу процедуралары жана башка маалыматтар элчиликтин сайтында жарыяланат.

А Италия жана Испанияга визаны ким берет?

Аталган мамлекеттерге визаны Казакстандан гана алууга мүмкүн.

Испанияга Нур-Султандагы элчиликте же Алматыдагы BLS аттуу виза борборунда, Италияга болсо, Нур-Султандагы элчиликте же Алматыдагы Visa Management Service виза борборунда алса болот.

Мурдагыдай эле виза алуу үчүн арызды жеке өзү тапшырыш керекпи?

Жаңы эрежелер боюнча виза ала турган адам манжалардын изин алууда гана болуушу шарт. Бул беш жылда бир жолу болот.

Каска мөөнөттүү визаны алуу үчүн кандай документтер керектелет?

Мында эрежелер өзгөртүлгөн жок. Кыска мөөнөттүү визаны алуу үчүн:

-Визалык анкетаны толтуруу жана кол коюу;

-паспорт;

-сүрөт;

-медициналык камсыздоо

-сапардын максатын ырастаган документтер, акча каражатынын жетиштиги жана жашаган жеринин болуусу;

Арыз ээси визалык төлөмдү төлөйт жана зарыл болсо манжалардын изин текшерүү процедурасынан өтөт.

Визалык жыйымдын көлөмү өзгөрдүбү?

Жыйым – 60 евродон 80 еврого чейин көтөрүлөт.

Жаш балдар үчүн жыйым – 35 евродон 40 еврого чейин көтөрүлөт.

Бирок жыйым 2006-жылдан бери биринчи жолу көтөрүлүп жатат. Мындай өзгөрүүлөр инфляциянын жалпы деңгээли менен тууралаган. Эл аралык стандарттар боюнча пошлинанын көлөмү төмөн бойдон калууда. Мисалы, виза үчүн төлөм АКШда 143 евро, Кытайда 126 евро, Австралияда 90 евро, Индияда 95 евро.

Эскере кетчү нерсе, Visametric жана VSF Global виза борборлору виза үчүн төлөмдөрдүн үстүнө өздөрүнүн кызматы үчүн 20 евродон алышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: