Кечээ, 12-март күнү Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирген.
Бул тууралуу маалыматты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тастыктап, окуянын видеосун жөнөттү.
Белгилей кетсек, судья жарандык ишти оңунан чечүү үчүн 2 миң доллар талап кылган.
Кармалган 37 жаштагы судья Биринчи май райондук сотуна судья болуп 2018-жылдын июль айында дайындалган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ