Menu

Германиядан келген Жогорку Кеңештин эки депутаты үй карантинине алынды

Бөлүшүү:

Германиядан бүгүн түнү келген Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева жана депутат Абдыбек Дүшалиев коронавируска байланыштуу үй карантинине алынышты. Бул тууралуу вице-спикер журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, алар Германияга немис парламентинин чакыруусу боюнча барышкан. Ал иш сапар алдын ала пландалганын, андан баш тартуу мүмкүн эмес болгонун айткан.

“Парламенттик делегация өткөн аптада Германияга жөнөп кеткен. Ал убакта Германияда абал туруктуу болчу. Биз Саламаттык сактоо министрлиги менен кеңешкенбиз” – деген вице спикер.

Аида Касымалиева депутат Абдыбек Дүшалиев болуп Германиядан кечирээк келишмек экенин, алар Берлинге келгенде абал курчуп кеткендиктен, авиабилеттерди алмаштырып Бишкекке учуп келишкенин билдирген.

Вице-спикер аэропортогу санитардык-карантиндик пунктагы дарыгерлердин ишин жогору баалап, жүргүнчүлөр эки жолу текшерилгенин белгилеген.

“Коронавирус катталган өлкөдөн келгенибизди билишкенде, бизден мазок алышты. Бүгүн жыйынтыгы чыгыш керек. Мен өзүмдү жакшы сезип жатам. 12 күндөн кийин кайрадан анализ тапшырабыз. Ага чейин үйдө дарыгердин көзөмөлүндө иштейм” – деген Аида айым.

Ал муну менен бирге, аларды коштоп келген ЖКнын кызматкерлери дагы карантинге алынганын кошумчалаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: