Menu

Назира Айтбекова: “Басынтканды, жектегенди, жек көргөндү, ур-тепкиге алганды жактырабыз. Өзүбүздүн комплексибиз бар. Мындай карөзгөйлүк, түркөйлүк түшүнүк качан жоюлат?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-март күнү белгилүү теле алып баруучу Назира Айтбекова Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасына кырыгыздардын бүгүнкү ички абалы тууралу таамай пост жазды:

“Гей, лесбиянка, феминст, көзү ачыгы, сойкусу… ж.б. дейбиз. Чүйрүйөбүз. Бирөөнүн ал баласы, эжеси, иниси, карындашы, тууганы экени менен ишибиз жок. Басынтканды, жектегенди, жек көргөндү, ур-тепкиге алганды жактырабыз. Толеранттуулук түшүнүгү сиңе элек. Өзүбүздүн комплексибиз бар. Жарабыз бар. Бирөөнү тепкилегенде эс алабыз. Тепки жеп чоңойгонбуз. Ичибиз каңгырап бош. Сүйүү алган эмеспиз. Чокубузга анан сүйүү беребизби? Жакыныңа жардамыбыз жок анан башкаларды кантели? Бирөөнүн тандоосун сыйлаганды үйрөнө элекпиз. “Меники туура” түшүнүгү гана жашайт. Аптыракаттуу, мээси иштеген бирөө туура деп койгон аны. Ээрчимелик, көз карандылык, “Эл эмне дейт” дегендик, “Эл кайда акса, ошол жакка агабыз да” дегендик, калыпка сыйгандык, андан чыга албагандык бар. Өз мээбиз менен ойлонуп, өз тандообузду жасаш өөн учурайт. Бир аз эле көз карашы, кийими, стили, ой жүгүртүүсү башкача болуп калсын ур-тепкиге алабыз. “Эмнеге сен бизге окшошпойсуң?”- дейбиз. Аны да калыпка, өзүбүздөй зынданга салгыбыз келет. Көралбастык сонун иштейт. “Менден кемисин, бирок ашпасын”. Ал генде бар. Мындай карөзгөйлүк, түркөйлүк түшүнүк качан жоюлат? Адам билим алганда, өзүн өнүктүргөндө, өзүн сүйүп, комплексин жоё  баштаганда арылат. Анткени ичиң сүйүүгө толуп, жеке өзүң менен алек болуп атканда бүт дүйнө сулуу көрүнөт. Кой аксагы менен жүз. Ар бир адамды өзүнүн тандоосу, кемчилиги, артыкчылыгы менен сүйөсүң. Анын дини, тили, өңү, кийими, статусу мааниге ээ эмес болот. Анын дили, жүрөгү алдыга чыгат. Ал бийиктикке качан жетет болдук экенбиз? Укмуш өнүгүп кеттим дебейм, бирок кандай болбогула сиз мен үчүн Жаратканымдын пендесисиңер. Силерди жектеп, жоктоп, мактап, соттогудай мен киммин? Өз жашоом менен алек болуп, күзгүдөн алгач каранып алайын. Башымдагы төөнү көрүп, аны менен алек болоюн. Жашоо ансыз деле аз. Силерди эмес өзүмдү тааныганга жетпейт”,- деп жазган Айтбекова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: