Menu

Ош шаарынын мэри зарылдыгы жок болсо, үйдөн чыкпай, башкалар менен жолугууну кыскартууга чакырат

Бөлүшүү:
Бүгүн, 18-мартта шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун жетекчилигинде Ош шаарында коронавирусту алдын алуу боюнча атайын штабдын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаар башчысы штабдын курамындагы кызматкерлерден учурдагы абал тууралуу маалымат алып, тийиштүү тапшырмаларды берди.
Т.Сарыбашов коронавирустун алдын алуу үчүн шаар тургундарын зарылдыгы жок болсо, үйдөн чыкпай туурууну сунуштады.
“Учурда мамлекеттин эң башкы милдети — жалпы элибиздин саламаттыгын сактоо. Ошондуктан ар бир үй-бүлө өздүк гигиенанын талаптарын толук аткарууга, зарылдыгы жок болсо, үйдөн чыкпай, башкалар менен жолугууну кыскартуу керек. Шаарда маданий, спорттук иш-чараларды, ар кандай жыйындарды, тойлорду, мааракелерди өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилет. Азыркы учурда өлкөдөгү медициналык кырдаал толук бойдон көзөмөлдө турат. Дүкөн, дарыканалар штаттык тартип менен иштеп жатат”,-деди Т.Сарыбашов.

Ошондой эле, штабдын жыйынында аймактардан кирип-чыккан каттамдарга да убактылуу чектөө киргизилгени маалым болду.
Ал эми Ош Эл аралык аэропортунун жетекчиси Талантбек Ысаков учурда аэропортто ички каттамдар гана каттап, Эл аралык каттамдар убактылуу токтотулгандыгын билдирди.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: