Menu

Уран Рыскулов, коомдук ишмер: “Сырткы күчтөрдүн максаты-президенттин мөөнөтүнүн акыркы жылы кан төгүлгөн ревалюция менен бүтүш керек…”

Бөлүшүү:

– Уран мырза, Садыр Жапаровду колдогон митинг боюнча оюңуз кандай?

– Негизи, Америкага болгон визалардын Кыргызстан үчүн жабылышы, алдыда өтө турган гей-параддар – баары бир топтун иштеп чыгарган сценарийи деп ойлойм. Кечээги биздин депутуттык топтун АКШга болгон иш сапарында, Госдептин орун басары виза боюнча тыюуну “бир айдын ичцнде карап чыгып оң жагына чечүүгө аракет кылабыз”- деди. Оң жагына чечкендей кырдаал өзгөрдүбү? Эгерде визаны ачса анда эмнеге жапты эле? Кыскасы ‘‘эмнеге?”- деген суроолор көп. 2019-жылы борбордук аянтта үч гана митинг өткөн. Үчөө тең АКШнын басымы менен өткөн. Өтмөк турсун милициясы аларды коштоп жүргөн, элдер жолтоо болбосун деп. Ал турсун митинг өткөрөбүз деген башка бир дагы күчтөрдү аянтка жолотпой кууп турушкан.

С.Жапаровду колдоо митингинен байкадыңар, митингчилер аянтка эч бир тоскоолдуксуз кирип келишти. Анткени, анда да сырткы күчтөр таасир этти. Митингге провокация кылууга салым кошкон сырткы күчтөр үч маселени чечет: 1. Эми алдыда боло турган гей парадка эч ким каршы чыкпайт. Анткени, лидерлер камалды. 2. Жапаровко дагы мөөнөт кошуп беришет. Анткени, мөөнөт кошуш оңой эле. Камалгандардын арасында сөзсүз алардын кишилери болот же тергөө менен кызматташты деп бирөөнү табышып, Жапаров акча берген, уюштурган деп жалаа жаап чыгышат. Анткени, Москва үчүн Жапаров өтө коркунучтуу киши. Ал “Кумтөр” жөнүндө көптү билет. 3. Жээнбековдун мөөнөтү бүтөөрүнө аз калган сайын ушундай тынч митингдерди, иттер менен талатып, спецназ менен куудурган акциялар күч алат. Анткени сырткы күчтөрдүн максаты боюнча президенттин мөөнөтүнүн акыркы жылы кан төгүлгөн революция менен бүтүш керек. Бул сырткы күчтөрдүн 29-жылдан бери пайдаланып келе жаткан сценарийи

– Садыр Жапаровду колдоо минингине чыгып камалгандар-ды кандай тагдыр күтөт?

– Бүгүнкү камалгандар бийлик менен сүйлөшушөт. Тагыраагы, кепке келишет, иши кылып чыкканга аракет кылышат. Бизде жоопкерчиликтен кутулуунун да жолу бар. Жаңы кылмыш жаза кодексинде «тергөө менен кызматташуу дегенди киргизишип коюшкан.

– Тышкы күчтөр эмне үчүн Кыргызстанда чыр чыгарганга кызыкд ар деп ойлойсуз?

– Сырткы күчтөрдүн иш аракеттерин билиш үчүн, политтехнологдор кандай митайым иш аракеттерге барарын билиш үчүн, адамдын психологиясын үйрөнүш керек. Психология илиминде мындай деп айтылат. «Ийгилик тынчтыкты сүйөт»- тынчтык болгон жерде ийгилик бак-таалай сүйүнүп жашайт. Улам революция болгон жерде өсүш болбойт. Ошон үчүн Сырткы күчтөр бул бийликти дагы революция жол менен кетиргенге аракет кылышат. 30 жылдан бери келген президенттерди бизге сырткы күчтөр таңуулап, айла амалдар менен шайлатып келишкен. Байкасаңар баардык президенттер, мурда аты жыты жок, десант сыяктуу жоктон пайда болуп калышат. Сырткы күчтөр эч убакта өздөрү келип бизди басып алып тонобойт. Заман башка. Алар өтө кылдаттык менен болочок президенттерди тандашат. Тандоо критерийлери төмөнкүдөй болот:

1. Акча мансап дегенден жогору турбаш керек.

2. Ал мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө албаган өзүмчүл болуусу ке-рек.

3. Кыргызга күйбөгөн, патриоттук дух деген түшүнүктөн кур жалак калган киши болуш керек. Анткени кыргыздын келечеги же өзүңдүн жеке кызыкчылыгың дегенде экинчи жолду тандап кеткен киши болуш керек.

Алар ошондой кишинин колу менен кыргызды тоногонго уруксаат беришет, бирок бир шарт менен уурдалган акчалар сыртка “офшорго” кетиш керек (акыркы мисал Турцияга чыга-рылган акчалар). Биздин келесоолорду революция болсо эл акчасын тоноп алат ошондуктан бул жакта сактаба деп алдашат. Ошентип беш жыл шайланган президентти макташып, айга-күнгө теңешип, баардык туура эмес иштерине көз жумушуп келишет. Беш жыл тонолгон акчалар «офшордо» чогула берет. Анан эле президенттик мөөнөттүн акыркы жылында Россиянын маалымат булактары ал кишини жамандай башташат. Анан эле революция болуп тиги киши качат. Анан ал кишини ким тосуп алат? Анын “офшордогу” акчасы кимдин банкында болсо ошол киши тосуп алат. Эки мурдагы качкындардын үлгүсүндө “офшордун” ээлери орустар болгон. Анан ал кишиге ультиматум койот. “Акчанды бизге бересин же биз сени кыргыздарга өткөрүп беребиз”-дешет. Ага чейин бул жакта ал кишиге оор кылмыш жаза беренелерин коюп, сырттан соттогонго үлгүрүшөт. Эки президентти тең ошентип тоношкон. Эки президентти тоношкон десек жанылышабыз. Алар ошол ыкмасы менен кыргыз элин тоношкон. Кечээ Атамбаев Кой-Таш окуялары маалында Путин менен жолугушкан. Ошол жолугушуу бүтөөр менен Путин журналистер үчүн маалымат жыйынын өткөзүп, “Кыргыз эли өздөрүнүн лидери Жээнбековду колдошу керек”- деп азыркы ажону мактап бүт дүйнөгө жар салды. Эми тынчтанып күтүп туралы.

– Атамбаевдин тагдыры кандай болот?

– Атамбаевдин тагдыры ошол Кремлдеги жолугушууда чечилген. Атамбаев Кой-Ташта үйүнөн чыга албай турганда кантип Канттагы авиабаза менен Россияга чыгып кетти? Жээнбеков “бар, бара гой Путин менен жолугуп кел” дебеген болуш керек. Мунун баары орустардын сценарийи. Кой-Таштагы окуялар Атамбаев Россиядан келер менен башталды. Анткени орустар биздикилерге уруксат берди. “Мунуңар сөзгө келбей койду, камагыла”- дегендей. Анткени, Атамбаев сырттагы акчасын орустарга бердим дегенде ал ошол жакта калып калмак да соттолмок эмес. Бүгүн дагы Атамбаевдин тагдыры “офшордогу” акчалар менен байланышкан.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: