“Коронавирус – пандемия деп жарыяланды. Пандемия деген дүйнөлүк масштабда тараган дабасы жок жугуштуу ооруну айтат. Бул тарыхтагы биз билген 18-пандемия экен. Бул абдан коркунучтуу, ошондуктан Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилиш керек. Конституцияга ылайык өзгөчө кырдаалды президент сунуштап, парламент бекитет. Өзгөчө кырдаал убагында демократиялык институттардын иши кескин чектелет. Комендатуралардын диктаторлук деп атагандай эле бекем бийлиги орнойт. Конституцияда кепилденген адам укуктары да чектелет. Ал укуктар качан, кайсы жерде, канчалык тереңдикте чектелет аны өкмөт аныктап, президент менен парламент бекитип турат. Ансыз бул келген апааттан кутулуу бизге көп жоготууларга турат”, – деп билдирди бүгүн, 18-мартта “Ата-Мекен” партиясынын үй камагындагы лидери Өмүрбек Текебаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ