Москвадан жана Түркиядан келген жарандар үй карантинине алынды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков онлайн-маалымат жыйында билдирди.
Ал кечээ күнү Москвадан жана Түркиядан адамдардан келгенин айтып, алардын бардыгынан анализ алынып, үй карантинине алынганын айтты.
“Алардан анализ алып, үйлөрүнө жөнөттүк. Ал үй шартында обсервацияга алынды” – деп айтты Төлө Исаков.
Ал ооруканага таажывирустун белгилери (жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү) болгондо гана жаткырыларын, калгандары үй карантинине жиберилерин айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ