Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын Өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүү учурунда эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Анын ичинде республикалардагы коронавирус инфекциясы боюнча жагдай, анын жайылышына жол бербөө максатында көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселелер бар.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин цементти импорттоого киргизилген чектөөлөрдү алып салуу мүмкүндүгүн карап чыгуу өтүнүчүн билдирди.

Өз кезегинде кыргыз тараптын өтүнүчүн эске алуу менен 2020-жылдын 22-майында Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов 2020-жылдын 23-майынан тарта Өзбекстан Республикасына цемент ташууну жандантуу жөнүндө Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.

Мындан тышкары тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык актуалдуу маселелери боюнча ыкчам маалымат алмашуу тууралуу макулдашышты. Учурда коңшу өлкөдөн импорттолгон азык-түлүк жана башка товарларды ташуу штаттык режимде тоскоолдуксуз жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: