Menu

Видео – Москвада атасы тарабынан сабалган баланын апасы ыйлап кечирим сурап, күйөөсүн жазалабоону суранды

Бөлүшүү:

Москвада атасы тарабынан сабалган баланын энеси ыйлап кечирим сурап, күйөөсүн жазалабоону суранды. 

“Менин атам жок. Мени багып алышкан. Күйөөмдүн апасы өтүп кеткен. Кайнатам эч жерде иштебейт. Бизге жардам бере турган адам жок. Күйөөм камалып кетсе, мага эч ким жардам бере албайт. Ошон үчүн кечирим сурайбыз” – деп ыйлады баланын апасы.

Белгилей кетсек, өзүнүн баласына зомбулук көрсөткөн атанын видеотасмасы кечээ, 17-апрелде социалдык тармактар аркылуу тарап, коомчулукта кызуу талкууга алынган.

Такталгандай, окуя 16-апрелде саат 11:00дө болгон. Окуяны баланын апасы, 33 жаштагы Жазгүл Ж. аттуу жаран телефонундагы видеокамерага тарткан. Тартып жатканда “милицияга берем!” деп ачууланганы тасмадан угулуп турат. Бирок ал тартылган видеотасманы милицияга эмес, арызданып атасына жиберген, атасы туугандарына жөнөткөн. Кийинчерээк видеотасма социалдык тармактарга Эмил Ж. жазасыз калбаса экен деген максатта туугандары аркылуу тарап кеткен. Балдызы баланы коргоого аракет кылганда Эмил Ж. “ары тур!” деп жолотпой койгон. Ал эми баланын энеси 5 айлык кош бойлуу болгондуктан күйөөсүнө каршы турууга мүмкүн болбогон.

Милиция кызматкерлери баласын сабаган адам Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Эмил аттуу жаран экенин аныкташкан. Ал жаран 2019-жылдын октябрь айында үй-бүлөсү менен Россияга учуп кеткен, учурда Москва шаарында жашайт.

Укук коргоо органдары баласын сабаган атанын иш-аракеттерине укуктук баа берүү максатында текшерүү жүргүзүп, полиция ата-энелерди жана окуя күбөлөрүн суракка алган. Ал эми баланын атасы кылган ишине өкүнгөнүн айтып элден кечирим сураган.

Булак: KyrgyzToday.kg    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: