Россияда каза болгон кыргызстандык жарандардын сөөгүн Казакстан аркылуу унаа менен ташып кетүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 17-марттан бүгүнкү күнгө чейин Россиядан 17 кыргызстандыктын сөөгү жөнөтүлдү.
Элчилик “Жүк-200” маселеси боюнча кайрылуулар тез-тез болуп жаткандыгын белгилейт.
Россия жана Казакстан тараптар менен түзүлгөн келишимдерге ылайык, жансыз денелер атайын жабдылган автоунааларда, бекитилген тартип боюнча толтурулган документтер менен ошондой эле бир жакын тууганынын коштоосунда алынып кетет.
Суроолор боюнча Элчиликтин Call-борборуна төмөнкү байланыш номерлери боюнча байланышсаңыз болот:
+7 (499) 237 43 01;
+7 (499) 237 44 61;
+7 (925) 387 41 27 (WhatsApp);
+7 (925) 387 45 97 (WhatsApp);
+7 (925) 103 29 11 (WhatsApp).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ