Акыркы сутка ичинде коронавирус илдети менен жабыркап жаткан бейтаптардын ичинен 68 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында оорудан айыккандар:
– Бишкекте — 10 адам;
– Ош облусунда — 42 адам;
– Жалал-Абад облусунда — 7 адам;
– Нарын облусунда — 1 адам;
– Баткен облусунда — 1 адам;
– Ош шаарында — 7 адам.
Учурда Кыргызстан боюнча бардыгы болуп 201 адам коронавирустан айыкты.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ