Menu

Ат-Башы районунда обсервацияда жаткан жарандар үйлөрүнө кетебиз деп жаңжал чыгарышкан

Бөлүшүү:

Ат-Башы районунда обсервацияда жаткан жарандар үйлөрүнө кетебиз деп ызы-чуу чыгарышкан. Мындай билдирүү 19-апрелде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районундагы коменданттын онлайн-брифингинде маалымдалган.

Комендант Уланбек Аалиевдин айтымында, бул окуя 18-апрелде болгон. “Адистер Бишкек шаарынан келишип, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы өкүлү менен бирге жарандар менен жолугушту. Кечээ, 19-апрелде бардык маселелер чечилип, алар үйлөрүнө жөнөтүлдү ”, – деди Аалиев.

Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин Ат-Башы районунда обсервацияда жаткан жарандар нааразычылыктарын айтышкан.

Обсервацияда жаткан 22 жаштагы Адилет (аты өзгөртүлдү) билдиргендей, ал 31-мартта туугандары менен Бишкектен Ак-Муз айылына кетип бара жаткан. Жолдо аларды токтотуп, музыкалык мектепте жайгашкан обсервацияга жайгаштырышкан. Алар менен кошо дагы үч адам башка мектепте жайгашкан обсервацияга жаткырылган. Бирок алар 4 күндөн кийин үйлөрүнө чыгарылган. Ошол эле күнү обсервацияга жаткырылган 5 адам чыгарылган эмес. «Мен 4 жылдан бери Бишкекте жашайм. Мен ал жакта окуйм жана официант болуп иштейм. Карантин жарыяланганда, мен үйгө келүүнү чечтим. Мени менен кошо дагы эки тууганым келе жаткан. Обсервацияда биз менен дагы 2 адам бар. Бул жерде эч кандай шарт жок ”, – деген ал.

Ал жигит коронавируска анализ тапшырганын, бирок жыйынтыгы дагы деле чыга элегин кошумчалаган.

Ошондой эле, Ак-Муз айылынын тургуну Жоробек (аты өзгөртүлдү) 4 күндөн кийин үйүнө жөнөтүлгөнүн айтат.

Бул арада райондук медициналык штабдын башчысы Рахман Керимжанов бул жигиттин анализдери үч күндөн кийин чыгаарын айткан. Ал менен келген адамдар обсервациядан чырарыла электигин кошумчалаган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: