Жалал-Абад облусунда санэпидкөзөмөл борборунун 49 кызматкери 20 күндөн бери обсервацияда жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде онлайн-брифингде Жалал-Абад облусунун санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Дүйшөналы Курбаналиев билдирди.
“Жалал-Абад облусунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бир кызматкеринен коронавирус аныкталганына байланыштуу санэпидкөзөмөл борборунун 41 кызматкери жана Бишкектен келген 8 кызматкер 20 күндөн бери обсервацияда жатышат. Учурда анализдер четинен чыгып. Кудай буйруса анализдер таза чыгып жатат. Бул оору бир эле биздин мамлекетте эле эмес өнүккөн өлкөлөрдө да чоң көйгөйдү жаратууда. Ошондуктан башында ишти жолго салуу бизге оор болду. Биз өзүбүздүн кызматкерлердин саламаттыгын сактоо боюнча да иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Алар вирустун негизги очокторуна чыгып жатканда атайын коргоочу кийимдерди кийип чыгып жатышат. Ал жактан кайтып келгенден кийин кийинүүнүн, чечинүүнүн атайын тартиптери бар ошолорду аткарып жатышат”,- деди Курбаналиев.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ