Өткөн сутка ичинде 9 адамдан коронавирус аныкталды, анын ичинде 3 медициналык кызматкер бар. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, коронавирусту жуктуруп алган 3 медициналык кызматкер Бишкек шаарында катталган.
“Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлердин арасында 175 учур катталды. Анын ичинен 65и айыгып чыгып, жумуштарына киришишти” – деп билдирди Сабиржан Абдикаримов.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ