Menu

Залкардын өлүмүн саясатка айланткан “Азаттык”

Бөлүшүү:

Кыргыз жеринде, кыргыз элинде үч күндөн бери зор кайгы. Эл өзүнүн булбулунан айрылды…

Акылга да, күчкө да толуп турган турган кезинде, кыргыз-казак эгиз элге кадыры бирдей сиңген, аттын кашкасындай таанымал инсан, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, айтылуу төкмө акын, манасчы, обончу Элмирбек Иманалиев ооруудан улам каза тапты.

“Атанын уулу болуу милдет, элдин уулу болуу сыймык”, – демекчи, Элмирбек чыныгы элдин уулу эле. Бул күндөрү кыргыз-казакта залкардын о дүйнөгө аттанганына ичи ачышып кабыргасы кайышпаган адам калбаса керек.

Атүгүл адамзатты дүрбөлөңгө салып үшүн алып турган таажы вирусунун да мизи кайтарылып, Элмирбектин азасы менен, эл бул илдетти эсинен чыгаргандай таасир калтырды…

Башка түшкөндү пенде баласы көтөрбөсө айла жок тура. “Карагай ыйлап, тал ыйлап, калың журттун баары ыйлап”, аргасыздан залкар уулун түбөлүк жайына узатты.

Элдин уулу Элмирбектин бул жалгандагы өмүрү кыска болгону менен анын ырлары, обондору кылымдарды карытып, кыргыз эли жашап турганда кошо жашай берери шексиз.

Акындын көзү өткөндөн бери болгону төрт гана күн болду. Башкача айтканда, “денеси али муздай элек”.

Булбулун жоктогон элдин, көкүрөктөгү муңу да көзүндөгү жашы да кете элек. Өкүнүчтүүсү, ушундай жалпы элди кайгыга салган залкардын өлүмүнөн да саясат издеп, мүмкүн болушунча азыркы бийликти “тепкилеп калуу” аракетин көргөндөр көңүл иренжитти.

“Күйбөс катындын күйүтү күч болуп”, “Азаттык” радиосунун “такырбаш” кабарчысы, эл уулу ээсине тапшырылып жаткан учурда “Ата-Бейиттеги” залкарлардын кабырларын тебелеп чуркап жүргөнү көпчүлүккө жаккан жок.

Маданият тармагынын ири өкүлүнүн зыйнатында, жалаң саясий суроолорду бересиң деп, “Азаттык” радиосунун жетекчилеринин тапшырма болгону көрүнүп турат. Радионун 2 сааттык түз эфирдин башынан аягына чейин ушундай бир линия көрүнүп турду.

Мындай жолдо калган жоругу менен булардын алдында бир гана максаттары бар экени дагы бир жолу далилденди. Ал максат – кандай шылтоо менен болсо да бийликтин эл алдындагы кадырына доо кетирүү. Кабарчы болумуш деле, пенделикке салып “буту күйгөн тооктой” ары бери чуркап, улам бир адамга микрофон такабай эле, жок дегенде куран окулуп бүткөнгө чейин күтө турса болмок.

Кайран залкардын коштошуу зыйнаты радионун эфиринде заматта саясий өңүткө бурулганы зээнди кейитти. Акындын чыгармачылыгына, маданиятка кошкон зор салымына, кайталангыс талантына байланыштуу суроолор берилбей, төкмө акынга эч кандай тиешеси жок саясий суроолор берилди.

“Болду-болбоду бийликти дагы да болсо Мадумаров “шыбап берет” – дешкенби айтор, калың элди аралай чаап, Адахан Мадумаровдон маек алынды.

Узаткан суроосу да “саясат жыттанып”, залкар акын бийликти сындап жүргөн таризинде узатылды. Адахан мырзанын “көктөн издегени жерден табылып”, бийликти ага кошуп бир нече мамлекеттик каналдарды маашырлана сындап, оозу-мурду кыйшайбай туруп эле “ЭлТР, КТР каналдары Элмирбекти такыр эле жолотпой койгон”, – деди.

Чын-төгүнүн тактабай туруп эле, акындын жанына ара түшүүгө аракет кылган ак халатчандарды да күнөөлөп өтүүгө үлгүрдү. Мадумаровдун мындай жообу чындыкка такыр эле жакындашпаса да эч кимди таң калтырган жок. Анткени Мадумаров ар келген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бийликтин үстүнө “жугунду куюп”, өзүн мекенчил-чынчыл адам көрсөтүп калууга жан далбастайт. Бирок, анын кандай мекенчил, чынчыл экени Каркыраны казактарга кармата бергенде жана Бакиевдердин “тамадасына” айланганда даана көрүнгөн.

Таң калтырганы “Азаттык” саясатчы Рыскелди Момбековго да “аза күтүү күнүн бийлик неге жарыялаган жок”, таризинде “саясат жыттанган” суроо узатты. Бирок жооп кабарчы күткөндөй болгон жок. Момбеков эл үч күндөн бери “кабыргасы кайышып” аза күтүп жатканын, ушунун өзү Элмирбектин элдин жүрөгүнөн орун алган инсан экенин далилдеп турганын айтып кабарчынын “тилегин таш каптырды”.

Канткенде да бийлик тууралуу жаман сөз айттырып калууга жан үрөгөн кабарчы Элмирбек Иманалиевдин элге белгисиз болгон өнөрлөрү тууралуу маңыздуу кебин айтып жаткан саясатчы Каныбек Иманалиевдин сөзүн бөлүп, “президенттин сайтындагы некрологду окудуңузбу? Уюштуруу иштерине кандай баа бересиз?”, – деген суроолорун узатты.

Каныбек мырза кабарчынын “капталдан берген” суроосуна азыркы кырдаалды туура түшүнүү керек экенин жана тигиндей-мындай деп сын айтуунун кереги жок экени айтып, жооп берди.

Ошентип, саясатчылардын “оозу” менен бийликтин кадырына дагы бир жолу “көлөкө” түшүрөбүз деген “Азаттыктын” кытмыр оюу “таш капты”.

Мадумаровдон башкасы залкардын жаркын элесин сыйлап, атайылап берген чагымчыл суроолордун азгырыгына алдырбай, акыл калчап жооп беришти.

Мындай жоопторго алым сынбай калдыбы айтор, аттуу-баштуу акындардын катарына кирип жүргөн, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген ардактуу наамдын ээси Бурул Сарыгулова деле “Азаттыктын” баш айланткан күмөндүү саясатына “баш ийип”, эптеп бийликти каралоого жан үрөп жатканын көрүп, айласыз баш чайкадык.

“Азаттык” багытын биротоло бийликти каралоого бурганынын далили катары алардын маектештерге берген суроолорун тизмектей кетели:

– Акыркы убактарда коомдук саясий турмушка байланыштуу “Төрөлөр төрдү булгады”, “Бийликке кайрылуу”, деген ачуу сындар айтылган ырларын калтырган экен. Коомдук саясий турмушка арналган ырларын угуп сиз кандай чечим кабыл алдыңыз? Бийлик андан кандай чечим кабыл алыш керек?

– Коомдук саясий турмуштагы пикирлери, айтышта бийликке элге карата айткан ойлору?

– Социалдык тармактарда “аза күтүүнү жарыялаш керек болчу” деген пикирлер айтылып жатат. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

– Расмий бийлик органдарынан адамдар келдиби?

– Президенттин сайтына чыккан некролог боюнча эмнени айта аласыз? Уюштуруу иштери боюнча?

Жогорудагы суроолордон көрүнүп тургандай, “Азаттык” төкмө акындын чыгармачылык өмүрүн чагылдырууну көздөбөй эле, анын рухун сыйлабай, бүткүл өмүрүн маданият тармагына, өнөргө арнаган адамды мажбурлоо аркылуу саясатка аралаштыргысы келгени “сокурга деле көрүнүп” турат.

Анткен менен бул жолу “Азаттыктын” залкар акындын коштошуу зыйнатын саясатка айландырып, бийлик өкүлдөрүн элге жаманатты көрсөтүп калууга жан үрөгөн кытмыр саясаты ишке ашкан жок.

Эң өкүнүчтүүсү – мындай жоругу менен “Азаттык” мурдагы “кара кылды как жарган” калыс сөзүн айткан “Азаттык” эмес, кожоюндарынын “ырын ырдаган”, бийликти ыксыз сындаган, адамдык асыл сапаттардан кур калган массалык маалымат каражатына айланганын далилдеди.

Акынбек Жамалов, Бишкектин тургуну

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: