Баткен облусунун Кадамжай районунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде журналисттерге маркумдун досу Эламан Курбаналиев билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы 22-апрель күнү саат 22:00 чамасында Айдаркен-Кадамжай автожолунда болгон. Анда “Опель Вектра” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу (каза болгон жаран) Орозбеков айыл аймагынын Сары-Талаа айылынын кире беришинде унаасынын дөңгөлөгү бузулуп калып токтоп турган. Ал Кадамжай районунун Жийделик айылында жашаган эки досун чакырып, жардам сураган. Алар келип, жолдун капталында унаанын дөңгөлөгүн оңдоп жатышкан. Бул учурда Айдаркен тараптан катуу ылдамдыкта келе жаткан “Хонда CR-V” үлгүсүндөгү унаа аларды сүзүп кеткен.
Натыйжада, 26 жаштагы Н.Б. ошол жерден көз жумган. Анын эки досу ооруканага жеткирилген. Алардын биринин оң буту сынган, ал эми экинчиси жеңил жаракат алган.
Кадамжай райондук сотунун чечими менен айдоочу Н.А. үй камагына чыгарылган.
Бирок каза болгон жарандын жана эки жигиттин ата-энелери бул чечимге макул эместигин айтышууда. Алар жол кырсыгына күнөөлүү адамды жазалоону суранышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ