Menu

Алматыда карантиндик блокпосттор алынып, жашоочулар калаа ичинде ээн-эркин жүрө баштады

Бөлүшүү:

Алматы Полиция департаменти 4-майда шаарда блокпосттор алынганын, жашоочулар калаа ичинде эркин жүрө баштаганын билдирди.

“Шаар ичинде эркин жүрүүгө болот. Бирок гигиена жана коронавирус инфекциясынан сактануунун башка чараларын унутууга болбойт”, – деп билдирди департаменттин расмий өкүлү Салтанат Азирбек.

Шаардын четиндеги 27 блокпост алынган жок. Алматыга кирүү жана чыгуу мурдагыдай эле атайын өткөрмө менен ишке ашууда.

Казакстанда 15-мартта киргизилген өзгөчө абал режими 11-майга чейин узартылган. 19-мартта Нур-Султан жана Алматы шаарлары, андан кийин дагы бир нече ири шаар карантинге жабылган. Бир нече күн мурун бийлик 4-майдан тарып ишканалар акырындык менен ачыларын билдирген.

1-майдан бери Нур-Султан — Алматы багыты боюнча учактар каттай баштаган. 4-майдан кийин бул эки шаардан Кызылордо, Петропавловск, Усть-Каменогорск жана Семей шаарларына учууга уруксат берилди.

Казакстанда 4-майга карата коронавирус инфекциясын жуктурган кишилердин саны 4 миңден ашты, 1173 адам илдеттен айыгып чыкты, 29 бейтап көз жумду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: