Menu

Биринчи аялын сабап кетирип, экинчи аялын да сабап, күн көрсөтпөй жаткан зөөкүр күйөөгө милиция кандай чара көрөт?

Бөлүшүү:

Кечээ, 4-майда Бишкек шаарында Элина Өзүбекова аттуу тургунду анын күйөөсү Максатбек Жаанбаев сабаганын, буга чейин дагы аёосуз сабап келгенин жабырлануучунун иниси Аман Өзүбеков билдирди.

Анын айтымы боюнча, анын карындашы күйөөсү тарабынан зомбулукту чогуу жашагандан бери, т.а. 4 жылдан бери көрүп келген. Бирок анын туугандары бул тууралуу билишкен эмес. Күн мурун Аман карындашынын уюлдук телефону жок болгондуктан, күйөөсүнө ал-акыбалды сурап чалган. Болжол менен саат 21:30да телефонду карындашы алып, “ал дайыма урат, жардам бер” деп ыйлаган.

“Мен ошол замат алардын дареги боюнча милиция чакырдым. Коменданттык саат болгондуктан биздин үй-бүлө дароо бара алган жокпуз. Бирок, унаа таап, ал жакка барууга жетиштик. Барганда, Максатбек менен милициянын эки кызматкери сүйлөшүп туруптур. Милиция кызматкерлери мени токтотуп, “баары жайында” дешти. Мен эжемдин күйөөсү менен айтыша кеткенде, милициянын кызматкерлери аны унаага отургузушту. Ошол убакта ал, “Сен кимсиң? Эмне кыла аласың? Мен эч кимден коркпойм! Колуңардан эч нерсе келбейт” деп жатты. Ооба, ал мындай сөздөрдү айта алат, анткени ал өзүнүн байланыштарына жана акчасына толук ишенет (анткени заводдун ээси жана ЖКнын депутаты менен тууганчылыгы бар)” – дейт Аман.

Анын айтымы боюнча, тергөөчүлөр эжесинин арызын кабыл алышкан. Ал күйөөсү тарабынан болгон зомбулукту, мазактаганын, ур-тепкиге алганын, жаш балдарынын көзүнчө (1 жашар жана 2,5 жаштагы) чачынан сүйрөгөнүн айтып берген.

Бир жума мурун дагы күйөөсү аялын сабаганда, кошуналары милицияны чакырышкан экен. Алар келгенде, күйөөсү аларды кайра артка кетирип жиберген. “Кантип кетиргенин билбейм ?! Балким, акча берип же тааныштарына чалып кетирген” – дейт жабырлануучунун иниси.

Жабырлануучуну тез жардам кызматы ооруканага жеткирген, ал эми анын балдарын тайлары үйүнө алып кеткен.

“Жаанбаев Максатбек Жусупбекович, биринчи аялын сабаган үчүн дагы ал менен соттошкон, бирок жоопкерчиликтен кутулуп кеткен. Менин эжеми дагы дайыма мазактап, акыл-эсин жоготконго чейин сабап, балдарды алып алам деп коркутуп келгени белгилүү болду” – дейт акыйкаттык үчүн күрөшкөн Аман.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: