“Эки айдан бери адамдар жумушсуз калышты. Андан кийин таксисттерге, чач тарачтарга иштөөгө уруксат берилди. Жумушка чыккан күнү патент талап кылышты” – деп билдирди бүгүн, 12-майда депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖКнын Регламенти боюнча комитетинин жыйынында.
“Мен бул маселени териштирейин. Мурун иштеп жүргөн патенти болсо, ошол менен иштей берсин деп айтканбыз” – деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
“Жок, бардыгын мажбурлаптыр. Салык кызматына кудай берди, бюджетти толтура албайбыз деп. Бул кандай мамиле? Азыр булар жалганды айтат, териштириңиз” – деди депутат Алтынбек Сулайманов.
https://www.youtube.com/watch?v=EEcOAeArZns&t=15s
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ