Menu

Казакстанда кыйноолор жөнүндө жазган сайт бөгөттөлдү

Бөлүшүү:

Казакстанда куугунтукталган активисттер, түрмөдө кыйноого кабылган жарандар тууралуу материалдарды жарыялаган Kuresker.org сайты 16-майдан тартып ачылбай калды.

Сайт 16-мартта, коронавирус пандемиясына байланыштуу Казакстанга өзгөчө абал режими кирген күнү иштеп баштаган. Андан бери активист Дулат Агадилдин абактагы сырдуу өлүмү, Леңгир шаарында жазасын өтөп жаткан жаңыөзөндүк активист Ержан Елшибаевдин кыйноого кабылышы, Чымкенттеги колонияда отургандардын жапырт түрдө сабалышы жөнүндө материалдар жарыяланып келген.

Kuresker.org сайтынын түзүүчүлөрүнүн бири, ушул тапта Украинада жашаган Владимир Козлов сайттын Казакстанда ачылбай калышын ресурстун контенти менен байланыштырууда:

– Адам укуктары жөнүндөгү Kuresker.org сайты ачылганына бир ай боло электе жана ачык билдирүүлөрдү жарыялагандан кийин жабылып калды. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети аны бөгөттөө үчүн жетиштүү деңгээде техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Алар сайтты «Казахтелеком» аркылуу жаап коюшат.

«Казахстелеком» компаниясы сайттын эмне себептен ачылбай калганы жөнүндөгү суроого жооп бере элек.

Казакстанда каттоодон өтпөгөн «Алга!» партиясынын лидери Владимир Козлов 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн окуясынан кийин кармалган жана кийинки жылы социалдык кастыкты козутуу айбы менен жети жарым жылга эркинен ажыратылган.

Ал 2016-жылы августта мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө боштондукка чыккан. 2019-жылы үй-бүлөсү менен Киевге жер которуп кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: