Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен дагы 12 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан – 8 адам,
– Нарын облусунан – 4 адам.
Учурда өлкөдө коронавирус илдетинен жалпы 910 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ