Menu

Президент Мирзиёев өзүн-өзү иш менен камсыз кылган өзбек ишкерлерин киреше салыгынан бошотууга убада берди

Бөлүшүү:

Өзбекстанда өзүн-өзү иш менен камсыздаган жарандарды киреше салыгынан бошотуу үчүн жаңы система киргизилет.

Дээрлик 60тай кесиптин ээлери, маселен, чач тарачтар, өтүкчүлөр, набайчылар, усталар, тигүүчүлөр, таксисттер, котормочулар, дизайнерлер, программисттер киреше салыгынан бошотулат. Бул тууралуу 19-майда өткөн видеоселектордук жыйында Шавкат Мирзиёев билдирди.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул артыкчылыктан колдонуу үчүн салык органдарына телефон аркылуу маалымат берүү жетиштүү болот.

Жыйында ишкерлердин укугу жана жеке менчиктин кол тийбестигине кепилдик берүү талкууланган.

«Акимдерге эскертип коеюн: Эгер бир эле ишкердин мүлкү мыйзамыз тартып алынса, аким отставка менен эле кутулбайт, ал мыйзам алдында жооп берет», – деген Шавкат Мирзиёев.

Президент тиешелүү мекемелерге жеке менчиктин кол тийбестигин бузагандарга жоопкерчиликти күчөтүүнү, ишкерлерге компенсация төлөө жөнүндөгү соттун чечимдеринин толук кандуу аткарылышын камсыздоону тапшырды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: