Menu

Депутат Таалайбек Масабиров Суусамыр өрөөнүндөгү жайытта өсүп жаткан карагана-бадалы боюнча маселени көтөрдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-июнда КРнын Жогорку Кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Таалайбек Масабиров Суусамыр өрөөнүндөгү жайытта өсүп жаткан карагана-бадалы боюнча маселени көтөрдү.

“Суусумыр өрөөнүндө жайытта тикенек өсүп жатыптыр. 10-20 жыл ичинде ал жер кара эле так болуп калат. Анан жайытты жоготуп аласыңар. Ошол боюнча кандай иш алып барып жатасыңар? Аны изилдеп көрдүңөрбү? Бул тикенекти жайыттагы малдар жебейт. Бирок тикенек жайытты жок кылып жатат?” – деп билдирди.

Ал эми бул боюнча Айыл-чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев бул маселе боюнча бир топ жумушту аткарып жатканын билдирди.

“Суусамыр өрөөнүндө карагана-бадалы боюнча маселе жаралган. Эки жол менен бир топ жумуштарды аткарганга аракет кылып жатабыз. Механикалык жана химиялык. Ушул жол менен 10 гектар жерди карап көрдүк. Бул маселени дагы терең изилдеп, анан башташыбыз керек” – деп билдирди министр Чодуев.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: