Бүгүн, 3-июнда КРнын Жогорку Кеңешинин жыйыны өттү. Анда депутат Кенжебек Бокоев картада кум, таш баскан жерлер жайыт болуп чыгып жатканын билдирди.
“Карта менен барсаң эле кум, таш баскан жерлерди айыл өкмөттөр берейин десе эле ал аймак жайыт болуп чыгып жатат”.
Депутат Нышанов Сайдулланын айтымында, биринчи жолу каттоо жүргөндө көп жаңылыштыктар кетип, ошол бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келүүдө.
“Бизде советтер союзу таркагандан кийин, биринчи жолу каттоо жүргөндө көп жаңылыштыктар кетип, ошол бүгүнкү күнгө чейин чечилбей жатат. Комиссия дагы бул маселе боюнча мага кайрылууларды айтып, ушул Кыргызстандын жерин тактап алсак деген ой-пикирин билдиришкен”.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ