Бүгүн, 3-июнда депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын жаңы имаратын курууну сунуштады.
“Сиздер отурган Улуттук банктын имараты эски. Былтыркы жылы, мурдагы жылы административдик чыгымга канча каражат жумшалган?”,- деп сурады Жамалдинов Улуттук банктын төрагасынан.
Ал эми Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов “Азыр менин жанымда бул боюнча материалдар жок. Жакында отчёт болгондо баарын айтып беребиз. Бирок сизге кат түрүндө берели”,- деди.
Андан кийин Жамалдинов “Улуттук банктын жаңы бир имаратын курууга болбойбу? Бул багытта иш жүрүп жатабы?”,-деп сурады.
“Киев менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде бүтпөгөн имарат бар. Учурда акыркы этапка жеттик. Макулдашуулар бүткөндөн кийин имаратты куруп баштайбыз”, – деп жооп берди Абдыгулов.
“Мүмкүнчүлүгүңөр бар. Ошол жерди алып туруп жакшы имарат салып койсоңор Улуттук банк деп айтканга дагы жакшы болот. Азыр карасак сыртынын ремонту жок. Аны Улуттук банк деп айткандан уяласың. Ушул боюнча карап койсоңор”,- деди депутат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ