Menu

Кыргызстанда коронавирустан улам парламенттик шайлоонун мөөнөтү жылдырылышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Коронавирустун кесепетинен Жогорку Кеңешке 2020-жылдын октябрына белгиленген шайлоо кийинкиге жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда ЖКнын төрагасы Дастанбек Жумабеков журналисттерге билдирди.

Анын айтымы боюнча, кандайдыр бир массалык иш-чараларды, анын ичинде шайлоолорду өткөрүү өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга түздөн-түз көз каранды.

“Өзгөчө абал режими Конституцияда каралган. Анын күчүндө турганда парламенттик шайлоо өткөрүлбөйт.  Эгерде, күзүндө кырдаал начарлап кетиеп, ӨА режимин кайрадан киргизүүгө туура келсе, анда шайлоо кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Баарыбыз санитардык нормаларды сактап, коронавирус  эртерээк кетиши үчүн күрөшүшүбүз керек” – дейт Дастанбек Жумабеков.

Эске салсак, жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: