Селим жана Али Атамбаев абакта жаткан чоң атасына, Алмаз Атамбаевке кат жазышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Сеид Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына каттын сүрөтүн жарыялаган.
Ал сүрөттү жарыялап, “Менин балдарым чоң атасына кат жазды” – деп жазуу калтырган.
Катта Селим жана Али Атамбаев чоң атасын сагынганын жазышкан. Ошондой эле окууну ийгиликтүү аяктаганын белгилеп өтүштү. Балдар келечекте планы көп экенин жана чоң атасынын үйгө кайтышын күтүп жатышканын билдиришкен.
“Биз сизди күтүп жатабыз. Эң башкысы оорубаңыз!” – деди неберелери Селим жана Али Атамбаев.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаев азыр Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө абагында жатып соттолууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ