Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шер 61 жаш курагында ооруканада көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Баатырыбыз дагы, асылыбыз дагы Бокемден айрылып калдык.. Коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11:00дө өтөт”, – деп билдирүү калтырган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ