Menu

Ташкентте камактагылар үчүн карантин аймагы түзүлөт

Бөлүшүү:

Жакын арада Ташкент облусунун Ангрен шаарында 3 миң кишиге ылайыкташтырылган карантин аймагы түзүлөт. Бул тууралуу Өзбекстан Ички иштер министрлигинин Жаза аткаруу башкы башкармалыгы билдирди.

Ушул тапта карантин зонасынын жаңы имаратын долбоорлоо иштери башталды.

Бул арада башка жабык мекемелерде коронавирус инфекциясын жугузуп алгандарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча санитардык борборлорду түзүү пландалууда.

– Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы Адилов COVID-борборлорун түзүү үчүн 300 миллион сум, 4 кычкылтек баллону, 60 даана пульсоксиметр жана өпкөнү жасалма желдетүүчү бир нече аппарат бөлүнгөнүн билдирди. Мындан тышкары донордук жана бюджеттик каражаттардын эсебинен COVID-19га каршы препараттар жана коронавирусту аныктоочу тесттер алынат. Таштүрмөнүн коменданты Абдурасул Мажидовго бул маселелер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди, – деди ИИМдин атын атагысы келбеген кызматкери.

Анын айтымында, абактарда коронавирус жуктуруп алган кишилердин саны көбөйүүдө.

“Таштүрмө” деген ат менен белгилүү Ташкент облусунун Зангиата районунун №1 тергөө абагына күчөтүлгөн карантин режими киргизилди. Сот жараяндары онлайн режимде өтүүдө. Объектини кайтарган Улуттук гвардиянын жана күзөт кызматынын жоокерлери, мындан тышкары 7 соттолуучу инфекция жуктуруп алуу шеги менен карантинге алынды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: