Menu

Өлкөдө 503,2 миң адам бюджеттен жөлөкпул алат

Бөлүшүү:

2020-жылдын 1-июлуна карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын саны 503,2 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Анын ичинен  “Үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 339,2 миң  адамды түзсө, “Социалдык жөлөкпул” – пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны  – 96,7 миң адамды түздү. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул «балага сүйүнчү» алуучулар – 67,3 миң адамды түздү.

Жалпысынан республика боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 868,8  сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3029,8 сомду түздү.

Министрликтин маалыматы боюнча, мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 3803,5 млн.сом акча каражаты каржыланган, алардын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулду төлөөгө 1735,7 млн.сом, социалдык жөлөкпулду – 1795,9 млн.сом, “балага сүйүнчү” жөлөкпулу – 271,9 млн.сом каржыланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: