Бишкекте “Нур-Суфра” тойканасында көп адамдардын катышуусу менен иш чара болуп өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Санитардык патрулдук кодекстин 293-беренеси боюнча протокол түзүлгөндүгү аныкталды.
Ресторандын ээси мыйзам бузууга макул болуп, экинчи категориядагы айып салууга токтом чыгарган.
“Дем алыш күндөрү “Улуу-Тоо” чайханасы, “Главпивтрест” кафеси, компьютер жана бильярд клубдары ушундай эле мыйзам бузуулар үчүн айыпка жыгылышкан”, – деп билдирди муниципалитет.
Белгилей кетсек, 10 күндүн ичинде 80 миң сомго 20 протокол түзүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ