Бүгүн, 12-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча онлайн соттук териштирүүнү кийинкиге калтырды.
Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, депутат Асел Кодуранованын адвокаттарынын келбей калгандыгына жана Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев жана Канат Осмоналиевдин адвокаттарынын ооруп калганына байланыштуу отурум 17-августка жылдырылды.
Кылмыш ишинде Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу жана башкалар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ